ЖЫЛНААМА, 10-ФЕВРАЛЬ: Кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Кумар Жалиев 31 жашка толду

Мындан 31 жыл мурун, 1986-жылы 10-февралда кикбоксчу Кумар Жалиев Ош шаарында төрөлгөн. Спортко бала чагынан эле кызыгып, 8-классынан тарта спортзалга бара баштаган. Ошол күндөн тарта кикбоксингдин үстүндө тынымсыз иштеп, 11-класста республиканын чемпиону болгон.

Ал кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (Украина-2003, Марокко-2005), WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону (Бишкек-2004), профессионалдар арасында кикбокстун WBKF версиясы боюнча Евразиянын чемпиону (Варшава-2008).

2009-жылы Бишкекте кикбокс боюнча КРнын Президентинин кубогу үчүн Эл аралык 4-мелдеш өткөн. Анда чет элдик мушкерлердин кубокко ээ болуу тилеги таш каап, абройлуу сыйлыкты Кумар Жалиев 23 жашында жеңип алган.

10-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks_shop
2017-02-10 16:12:48
Мураттын байкеси болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан