Курсан Асанов: “Соттолбогон боюнча маалым каттан бир жылда 12 миллион сомдон ашык каражат түшкөн”

Мурда соттолгон-соттолбогону тууралуу маалым каттан бир жылда 12 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңеште журналисттер менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, мындай маалым катты 2016-жылы 57 533 жаран алган. “Андан түшкөн каражат республикалык бюджетке түшөт. Учурда маалым кат ала турган электрондук база Ош облусунда, Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда иштейт. Бир күндө ала турган болсо 230 сом, үч күндөн кийин 180 сом, ал эми он күндөн соң акысыз берилет”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан