ЖЫЛНААМА, 10-ФЕВРАЛЬ: 180 жыл мурун атактуу орус акыны Александр Пушкин көз жумган

Мындан 180 жыл мурун, 1837-жылы 10-февралда улуу орус акыны Александр Пушкин эки күн мурун Дантес менен болгон эрөөлдө алган жаракатынан улам көз жумган.

Ал 1799-жылы 6-июнда Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. 1836-жылдын кышында Пушкиндин көрө албас душмандары, ак сөөк петербургчулар акындын аялы падыша менен байланышкандыгы тууралуу ыплас ушак таратып жиберишет. Аны менен эле тим болуп калышпай, учурдан пайдаланган француз "келгини" Дантес жүзү каралык менен акындын аялы Наталья Николаевнага сугун артканы билинет. Өзүнүн бийик адамдык, акындык даражасын коргоп калуу максатында Пушкин Дантести Петербургдун жанындагы Кара дарыя деген жерге эрөөлгө чакырган.

Пушкиндин бир катар чыгармалары кыргыз тилине совет доорунда которулган. Анын эмгектеринин мыкты котормочуларынын башында Алыкул Осмонов турат.

10-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2017-02-10 15:58:50
Оло окудумго Пушкинди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан