Курсан Асанов: "Журналист Арслан Сартбаевге кол көтөргөн эмесмин"

“Журналист Арслан Сартбаевге кол көтөргөн эмесмин”, - деп 10-февралда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңеште журналисттер менен жолукканда билдирди.

Буга чейин "К.Асанов журналистти кафеде парламент депутаттарынын көзүнчө урган" деген маалыматтар чыккан эле. “Биз этика, ар-намыс тууралуу сүйлөшкөнбүз. Анан мен кетип калгам. Кол көтөрүү болгон эмес”, - деди ал.

Эске салсак, гезиттердин бирине "Пул чыккан жерден машкеге айланган Курсан Асановбу?” деген аталыш менен коллаж басылган. Анда Асановдун сүрөтү итке салыштырылган. Ушуга байланыштуу ИИМ жетекчисинин орун басары журналисттин үстүнөн ММКга даттанган арыздарды караган комиссияга арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан