Чолпон Султанбекова СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүүчү Глобалдык фонддун өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова ВИЧ, СПИД, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүүчү Глобалдык фонд өкүлү Улдис Миттенбергс менен жолугушту. Бул тууралуу 10-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Кыргыз өкмөтүнүн ВИЧ, СПИД жана кургак учукка каршы күрөшүү маселесин жактай тургандыгын билдирди. Ал белгилегендей, Глобалдык фонддун каржылоосунун акырындык менен кыскаруусуна байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аталган оорулар менен күрөшүү программасын ишке ашыруу үчүн жетишпеген каражаттар боюнча тийиштүү болжолдуу эсептерди даярдоо иши башталды.

Улдис Миттенбергс Кыргыз жериндеги Глобалдык фонд гранттарынын ишке ашырылышы боюнча маалымат берип, саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан