Депутат Бокоев соттолбогону боюнча маалым катты жарандар өздөрү гана алышы керек дейт

“Соттолбогону боюнча маалым катты ар бир жаран өзү алышы керек”, - деп 10-февралда
“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекети үчүн бул маалым катты жарандарга иш берүүчү тарап алганы эртелик кылат.

“Бул мыйзам долбоору боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Юстиция министрлиги терс ойлорун билдиришкен. Мисалы, бир адам күзөт агенттигине орношуп жатат дейли. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, керек болгон учурда анын соттолгону же соттолбогону жөнүндө маалым катты жумуш берүүчү тарап алышы керек. Күзөт агенттиги антип убара болуп жүрбөй эле, жумушка өзү маалым кат алып келген кишини орноштуруп коюшу мүмкүн”, -деди эл өкүлү.

Буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев соттолбогону тууралуу маалым катты ишке кабыл алган тарап өздөрү алышы керек деген демилгени көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан