ЖЫЛНААМА, 10-ФЕВРАЛЬ: 11 жыл мурун белгилүү адабиятчы Салижан Жигитов көз жумган

Мындан 11 жыл мурун, 2006-жылы 10-февралда белгилүү адабиятчы Салижан Жигитов көз жумган. Ал 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1959-жылы аяктап, эмгек жолун мектепте мугалимдиктен баштаган. 1961-1962-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчысы, 1966-1973-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, 1974-1978-жылдары Кыргыз совет энциклопедиясында башкы редактордун орун басары, 1978-1992-жылдары Тил жана адабият институтунда сектор башчысы, 1992-1993-жылдары КРнын Президентинин кеңешчиси, 1993-жылы КРнын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, 1996-2000-жылдары Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору, 2000-жылы аталган окуу жайдын Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген.

Алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон. 1971-жылы "Ыймандай сырым менин" аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. "Ырлар жана жылдар" (1972), "Жаңычылык жолунда" (1975), "Көркөм сөз маселелери" (1982), "Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары" (1990) адабий сын макалалар жыйнактары бар. "20-жылдардагы кыргыз адабияты" (1994), "Обретение новых традиций" (1994), "Акындын экинчи өмүрү" (1998) монографияларында кыргыз жазма адабиятынын жаралуу, калыптануу жана өнүгүү маселелерин, фольклор менен адабияттын карым-катышын, көркөм адабияттын коомдук турмуштагы ордун, поэзиядагы салттык жана жаңы көрүнүштөрдү изилдеген.

С.Жигитов кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирген. Өткөн мезгилдеги өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун орчундуу маселелери жөнүндө макалаларды, ошону менен катар адабият тарыхын жаңыча талдап, түшүнүүгө арналган бир нече эмгек жазган. "Күн тууду" ("Ит икаясы") повестинин автору. Ал Антуан де Сент-Экзюпери, Назым Хикмет, Мустай Каримдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

10-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан