13-февралдан тарта паспортту тез арада алуу наркы кымбаттайт

13-февралдан тарта паспортту тез арада алуу наркы кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылы 10-февралда кабыл алган “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна жана "Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөткөн акылуу кызматтарынын тарифтеринин наркын бекитүү" буйругуна ылайык, 2017-жылы 13-февралдан тарта паспортторду тез арада бүтүрүү кызматы жаңы акы менен көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 4-январдан тарта тез арада паспорт алуу төлөмү убактылуу төмөндөгөн. Ошондой эле Жарандык ал-абалдын актыларын жана калкты каттоо департаменти көрсөткөн кызматынын дагы акысы өзгөртүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dina1983-19
2017-02-10 14:54:12
137 сом андан ашканы корупция дегени кайда
+13
elchi84
2017-02-10 15:06:03
Эптеп Эми элден акча алуунун бир жолу да.
+10
Altyn10076
2017-02-10 16:04:24
Элдин үстүнөн дагы акча жейли деген экен да жеп жуутарлар.
+7
dazhan
2017-02-10 16:55:41
Кыргыздарга ошол бойдон чет мамлекеттин жараандарына кымбат кылсанар болбойбу? Жалал-Абадда китайлар басып кетти
+8
imanchik
2017-02-10 17:03:18
Тыйын учун бироо кетти эле, минди чапчыса да унчыкпайсынар)
+8
Kroxa
2017-02-10 18:09:50
Октябрда 8 кундугун 4000ге алышкан тентуш балдар эмнеге азыркыдан кымбат эле???
+4
tuigan.
2017-02-10 21:39:19
Мен деле ЦООНдон ID cardты 25кундо 480сомго алдым эле?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан