Чүй облусунун Кемин районунда жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерген жаңы тараза иштей баштады. Кемин салмак габариттик көзөмөл бекети 2016-жылдын 15-декабрынан бери сыноо мөөнөтүндө иштеп келет.
Маалыматка ылайык, көзөмөлдөө бекети үстүбүздөгү жылдын март айында сыноо мөөнөтү аяктап, толук кандуу иштей баштайт. Жүк ташуучу унааларга жогорку салмактын чени 44 тоннага чейин көрсөтүлгөн. Салмактан ашкан жүккө өз убагында төлөй албаса, 10 миң сом айып салынат. Ал эми юридикалык жактарга 50 миң сом айып салынат. Өз убагында төлөгөндөр ар бир тоннасы үчүн жолдун 1 чакырымына 20 сомдон төлөйт.
"Жаңы орнотулган тараза электрондоштурулуп иштеп жатат. Заман талабына ылайыкташтырылып курулган. Оор салмактагы унаалардын ашыкча жүгү бар экенин автоматтык түрдө компьютерден көрсөтүп турат. Мындагы максат жолдордун сапатын сактоо жана жүк ташуу тармагында жемкорлукту жоюу болгон. Жаңыдан иштеп баштаган көзөмөл пункту ийгиликтүү болсо, быйыл өлкөнүн башка аймактарына да курууну колго алабыз", - дейт Салмак габариттик көзөмөл департаментинин башчысы Эмилбек Таштаналиев.
Ал эми Кеминдеги көзөмөлдөө пунктунун башчысы Нуржигит Тешебаев: "Атайын көзөмөл пункту иштеп баштагандан бери Бишкек-Кемин-Нарын-Ысык-Көл багытында күн сайын 200гө жакын жүк ташуучу унаа өтөрүн аныктадык. Жай айларында бул көрсөткүч жогорулайт. Бүгүнкү күндө ай сайын мамлекетке 300 миң сом акча которуп жатабыз. Бул сумманын ичинде ченемдик төлөнгөн акча жана салынган айыптар бар. Акыркы убактарда айдоочулар ашыкча жүк жүктөөдөн баш тартууда. Алар тартипке баш ийип жатышат", - деди.
Белгилүү болгондой, учурда ар бир жүк ташуучу унаа тараза акысы үчүн жүгү менен 250 сом төлөп өтөт. Жүгү жок унаалар акысыз өтүшөт. Кемин көзөмөл пункту 2012-жылы курулган.