Өзгөн, Кара-Суу райондорундагы ички чарбалык жолдор кардан тазаланды

Өзгөн, Кара-Суу райондорундагы ички чарбалык жолдор кардан тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-февраль түнү катуу шамал болуп, Өзгөн районундагы Ийри-Суу-Ор-Казган ички чарбалык унаа жолунун 3 тилкесинде кар күрткүсү пайда болгон. Анын кесепетинен жалпы узундугу 18 чакырымды түзгөн жол жабылып калган. Ал эми 4-5-февраль күндөрү жааган кардан улам Кара-Суу районунун Бек-Жар-Кичик, Тээке, Лаглан, Папан айылдарында ички чарбалык жолдор жабылган. Азыркы тапта жогорудагы айылдарда жолдор кардан толук тазаланып ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан