Кыргыз жергесинде 75 миң мугалим эмгектенсе, 19,8 пайызы жаш адистер

Кыргыз жергесинде 75 миң мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 10-февралда билдирди.

"Алардын 19,8 пайызы жаш адистер. 2016-2017-окуу жылында билим берүү системине 3030 жаш мугалим келген. Бүгүнкү күндө 642 гана бош орун калган. Мындай көрсөткүчкө мугалимдердин акыларын 5 жылда 3,5 миңден 13,8 миңге чейин жогорулатып жетиштик. Мындан сырткары министрлик мугалимдерди аттестациядан өткөрүү механизмин киргизип баштады. Алардын бир бөлүгү аттестацияны сынактык түрдө өттү", - деп айтылат маалыматта.

2017-жылы мекеме билим берүү жайлардын ишмердүүлүгүн жана мектептердин жетекчилерин баалоо иштерин жүргүзүүгө киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан