Айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп койгон балдардын ишин Ош шаардык соту кароодо. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, сот отуруму алгач 17-январга, кийин 27-январга белгиленген. Бирок жабырлануучу тараптын ооруп калгандыгына байланыштуу 10-февралга жылдырылган. Азыркы тапта Ош шаардык соту ишти кароодо.
Айта кетсек, 2016-жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон. Анда 1994-жылы туулган Нурсултан Насировду өзү теңдүү айылдаш балдары сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Бул окуядан кийин маркумдун эжеси милицияга арыз менен кайрылып, инисинин дайынсыз экенин айткан. Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде 10-октябрь күнү маркумдун жансыз денеси табылган. Ал эми 20-ноябрда кылмышка шектүү катары 5 бала кармалган. Алардын айтымдарында, ич ара келишпестиктен улам Нурсултан Насировду көптөп сабап, өлтүрүп коюшкан.