2016-жылы жүйөлүү себептер менен 98 милиция кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 10-февралда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңеште журналисттер менен жолукканда айтты.
Анын айтымында, быйылкы жылдын башынан бери 13 милиция кызматкеринин үстүнөн 7 кылмыш иши козголду.
“Жакында эле өткөн Ички иштер министрлигинин коллегиясында ишиндеги кемчиликтер үчүн 30 кызматкерге сөгүш берилди. Коллегиянын мындай чечимине макул болбогон кызматкерлер сотко кайрылып, өз маселелерин чечип алса болот", - дейт Курсан Асанов.
Мындан тышкары Асанов Бишкек шаарында адамды сабаган эки милиция кызматкери 8-февралда камакка алынганын белгиледи.
“Азыр тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Аларга "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жыйынтыгында аларга коюлган беренелер өзгөртүлүшү мүмкүн", - деди ал.