Учурда Кыргыз жергесинде 1582 бала бакча катталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 10-февралда билдирди.
Бала бакчалардын 274ү мамлекеттик, 1007си муниципалдык, ал эми 301и жеке бала бакча экени маалым болду.
"1990-жылдары өлкөдө 1696 бала бакча болгон, 2010-жылы алардын көбү сатылып же менчиктештирилип, 691и гана калган. 2013-жылдан тарта мамлекеттик менчикке 198 бала бакча кайтарылган. Мектепке чейин билим берүүчү жайларда билимдин сапатын жогорулатуу үчүн 662 тарбиячы квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардан окушкан", - деп билдирген министрлик.
Министрлик мектепке чейинки билимдин сапатын кылдаттык менен текшерүүнү баштап жатканын кошумчалаган.