Адамдардын көпчүлүгү өзүн-өзү алдап, "эртең жасайм", "эртең баштайм" деген жооткотуу менен бардык нерсени артка жылдыра беришет. Ашыкча салмак кошуу, кыймылсыз, отуруп иштеген жумуштар, абасы нымдуу же кургак кеңселердин ичинде иштөө ден соолукка зыян экенин баарыбыз билебиз. Бул нерселерди сергек жашоо образы менен балансылап туруу керек экенин да жакшы билебиз. Бирок.., "эртеңден баштап чуркайм", "эртеңден баштап физикалык көнүгүүлөрдү баштайм", жаз келсе жок дегенде 1-2 чакырым жөө басып коёт элем" деп жүрө беребиз. Адам үчүн өзүнүн келбетинин, акыл-туюмунун, билиминин үстүнөн ар дайым иштеп туруу оңой нерсе эмес. Өзүнүн үстүнөн талыкпай иштөөсү үчүн адамга күчтүү эрк керек экени талашсыз.
Баарыбызда эле катаал мезгилдер болот. Мындайда эрки бош адамдар депрессияга түшүп, стресске кабылып, ал тургай өз жанын кыюуга да барышат.
Хейди Уильямс (Heidi Williams) жашоосунда запкы көрүп, кыйналган аялдардын катарын толуктачу. Аны белгисиз бирөөлөр зордуктап кетишип психологиялык травма алып калат. Мындай азаптан толук арыла электе анын 6 айлык баласы катуу ооруп, өлүм алдына кептелип калат. Башына эки азап бир келген Хейди Катуу депрессияга кабылып, бир нече ирет өз жанын кыюуга да аракет жасаган. Бул эскерүүнүн баарын ал жан дүйнөсүн йога менен дарылап чыккан соң жазат.
Башынан өткөргөн оор турмуштан соң йога менен машыгып, жан дүйнөсүн тынчтандырып, дене-мүчөсүн дагы идеалдуу сактаган Хейди Уильямс азыр өзү сыяктуу стресске кабылган аялдарга кеңешин берип, интернет аркылуу стимул берүүчү сүрөттөрүн жайылтып турат. Анын Инстаграм баракчасына кирип кайра оңой чыгып кетүү мүмкүн эмес. Ар түрдүү позициядагы сүрөттөр жазылган колдонуучуларын суктантып, сергек жашоого шыктандырып келет. Баса, Хейдинин баласын доктурлар катуу күч жумшап жатып, сактап калышкан. Анын блогдорундагы эң көп кайрылган темалары - наристелер.