Бүгүн, 10-февралда Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү меселелери боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, 44 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик геология агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2016-жылы отчёт бербеген компаниялардын ишмердүүлүгү 2017-жылдын 1-апрелине чейин токтотулду", - деп айтылат маалыматта.