Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган 11 судьясы Жогорку Сотто ант берди

Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарындагы жаңы шайланган судьялар салтанаттуу түрдө ант беришти. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 8-февралында "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ант берүү аземин расмий түрдө Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева ачып, жаңы шайланган кесиптештеринин берген анттарына бекем болуусун каалап, өтө жооптуу иштерине ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары:

- Жолон Абдрахманов Жалал-Абад шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

- Муратали Турмаматов Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

- Куралбек Бектемиров Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна судья болуп дайындалды;

- Жыпар Каримова Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна судья болуп дайындалды;

- Аида Бегимбаева жана Назира Солпуева Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна судья болуп дайындалышты;

- Тарасбек Осмонов Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна судья болуп дайындалды;

- Рахманаали Абдрахманов Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна судья болуп дайындалды;

- Шухратбек Касымов Ош облусунун Алай райондук сотуна судья болуп дайындалды;

- Жамиля Акылбекова жана Жылдыз Арзыбекова Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна судья болуп дайындалышты.

Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gena1
2017-02-11 09:48:45
Эмне үчүн кээ бир райондорго экиден сот? Же райондун аймагы чоңбу?
+1
nura.177
2017-02-11 14:50:59
Эми бергендерин жуз эселеп чыгарып алганча иштешет , антты аткарбагандан кийин бербей эле иштей бергилечи баарыбир адилеттуу иш кылышынар кыйынго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан