2017-жылы Свердлов районундагы 14 унаа жолу оңдолот

2017-жылы Свердлов районунда жалпы узундугу 24,69 чакырымды түзгөн 14 көчө оӊдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, 1-марттан баштап төмөнкү көчөлөрдүн жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлө баштайт:


- Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;


- Лермонтов көчөсү Чүй кеӊ көчөсүнөн Жибек-Жолу кеӊ көчөсүнө чейин;


- Орозбеков көчөсү Жибек-Жолу кеӊ көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин;


- Щербаков көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин;


- Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин.


Азыркы күндө аталган көчөлөрдө жолду оӊдоого тоскоол болгон жеӊилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы 942 объект алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
abusait
2017-02-11 10:10:51
А Ленин районундачы? Жаны конуштарда кайсы кочолор ондолот? Толугураак маалымат бериниздер сураныч.
0
aitbek.06
2017-02-11 10:40:32
Ммммм
-4
Nurdan1112
2017-02-11 10:50:33
Ии жакшы го кудайга унубуз жетиптир да
0
Seryi-Kardinal
2017-02-11 11:09:19
wailoogo daiardyk bawtalyptyr da
-1
TIMON_BERKOWITZ
2017-02-11 11:12:55
Саадаеваны ондоп берсенер анда онолгонунар ошол. Кундо эртен менен машиненин тубунон бир нерсесин сындыра берип тажадым.А Щербакованын калганычы? Тоголок Молдочу? Баялиновдин да очереди келип калды.
И тем более Орозбекова Жибек Жолунан Саадаевага чейин жетпейт. Ал учун копуро куруш керек. Же Тоголок Молдону Орозбаева деп адашып атасынарбы?
0
Nestana95
2017-02-12 09:36:31
Аааа Кара Балтага кетчу жол бутту....ондолдубу эмне.....соо адамды оорулуу кылат го кочолор!!! Башка кочолорду да тешип таштап салса тан калбайбыз го!!!Кайсы жерде депутат жашаса ошол жерлердин кочоолору эмесби случайно
+2
baltabai
2017-02-12 10:47:06
Jakwy
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан