“Жаштар динге ашыкча берилип кетпеш үчүн мектептерде диндин тарыхы боюнча сабактарды өтүү керек”,- деп билдирди коомдук ишмер Мар Байжиев бүгүн, 30-апрелде парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында. Айтымында, Моисей ким болгонун жана Иса пайгамбар ким болгонун баары билүүсү керек.
“Мухаммед пайгамбардын 13 аялы болгон, анткени ал аларга камкордук көрө алган. Ал эми аялдар бирөөлөр тарабынан зомбулук болбошу үчүн беттерин чүмкөп жүрүшкөн. А биздин кыздар эмне үчүн оронуп жүрүшөт? Эстеп көргүлөчү, “Манас” эпосунда Каныкей менен Айчүрөк дайыма жүзүн ачып жүрүшкөн. А азыр биздин айрым кыздарыбыз көздөрү эле көрүнөт, чулганып алышкан”,- деди Мар Байжиев.