Ушул жылдын январында бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк насыялар боюнча 189,58 миллион сом карыз кайтарылды

2017-жылдын январь айында республикабыздын чарба жүргүзүүчү субъекттеринен бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча 189,58 миллион сом суммасындагы карыз кайтарылды. Анын ичинен негизги карыз – 164,13 миллион сом, пайыздар жана айып пулдар – 25,45 миллион сом. Маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2017-жылга болжолу 3 миллиард 706 миллион сомду түзөт. Андагы негизги карыз – 2 миллиард 674,76 миллион сом, пайыздар жана айып пулдар – 1 миллиард 31,24 миллион сом.

Болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курстарынан, калкыма чендердин өлчөмүнөн, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды жана карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталды. Ошону менен бирге республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайра түзүмдөштүрүү (тындыруу мөөнөттөрүн узартуу, пайыздык ченди өзгөртүү, эсептен чыгарып таштоо) тууралуу чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда, жаңы кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар берилген учурда же зайымчылар тарабынан карыздар мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда карыздарды тындыруунун болжолдуу көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан