Сокулук районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Сокулук районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 8-февраль күнү саат 02:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу жөө адамды сүзүп, жардам көрсөтпөстөн из жашырып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу кырсык болгон жерден жан берген. Патрулдук милициянын кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Тойота Камри унаасынын айдоочусу, 1995-жылы Талас облусунда туулган Э.Т. аттуу жаранды кармашкан. Учурда топтолгон материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tekecher
2017-02-11 15:22:49
Эххх андан коро жардам берип койсонго брат последствиясы жакшы болмок
+3
SHAHDAR
2017-02-11 17:59:32
Башка бир маалымат булагында, кармалбай эле озу келип колго тушуп берген. Айырма чон болуш керек.
0
farida.kg.1991
2017-02-12 00:09:23
кудай .сактасын.
0
DNurgiza
2017-02-12 08:18:34
Кырсык да, ким эле тңатайын сүзгүсү келсин..... качып кеткени өкүндүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан