Чүйдө Патрулдук милициянын мыкты кызматкерлери Ардак грамота менен сыйланышты

Чүйдө Патрулдук милициянын мыкты кызматкерлери Ардак грамота менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февраль күнү Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Патрулдук милициянын кызматкерлери өткөн жылы бир катар оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачышкан. Аларды бүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев Ардак грамота менен сыйлады.

Алсак, Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан унаа уурдоо боюнча 9 фактыга шектелген кылмыштуу топ кармалган. Ошондой эле 35 ири мүйүздүү мал уурдаган топ кармалып, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Андан сырткары Аламүдүн районунда каракчылыкка, Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелгендер изи сууй электе колго түшүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baltabai
2017-02-11 13:37:45
Algan syilygyn kut bolsun
+4
baltabai
2017-02-11 13:38:32
Emi ishke kirishkin kozu
+4
leilekstan_1987
2017-02-11 14:48:24
Оштогу кашы айрылган Милиционерда сыйландыбы??? Ал байкуш опасный преступникти кармоо учурунда кашы айрылып денесине оор залал келген эле байкуштун))))
+2
jakilik
2017-02-11 22:07:15
Мыкты Корупционер
+1
chikakorea
2017-02-12 00:59:59
Бут коррупционерлер. Менин жеке коз карашымда бир дагы татыктуусу жок.
0
solntse95
2017-02-12 14:59:34
chikakorea,Сен каяктан билесин арасында бар татыктуу иштегендер.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан