Ош шаарында кылмышкерлерди кармоо учурунда ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 10-февраль күнү Ош кичи районундагы күйүүчү май куйган жайдын жанында болгон. Анда белгисиз 4 адам жергиликтүү тургунду коркутуп, автоунаасын тартып алуу аракетин көрүп жаткан. Аларды кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн асманга эскертүү иретинде 6 жолу ок атылган.
Жабырлануучу бир ай мурун кармалган 4 адамдын үстүнөн Ош ОИИБине арыз менен кайрылып, акча талап кылып жатышканын айткан.