КРнын Куралдуу күчтөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Данияр Сатимов Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти дагы бир буйругу менен Уларбек Шаршеевди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын зардалы болуп дайындады.
Мындан сырткары Алмазбек Карасартовду Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын командачысына дайындаган жарлыкка кол койду.