Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүүдө

Түркмөнстанда бүгүн, 12-февралда президенттик шайлоо өтүүдө. Президенттикке 9 талапкер ат салышып, учурдагы мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедов башкы фаворит катары айтылып жатат. Өлкө аймагында 2,5 миңден ашуун добуш берүү участкалары иш алып барууда. Чет мамлекеттерде 39 добуш берүү участкасы ачылган. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00дө шайлоочулардын 74 пайызы добуш берди. Добуш берүү саат 19:00дө (Бишкек сааты боюнча 20:00) токтотулат.

Шайлоого Түркмөнстандын азыркы президентинен сырткары Өнөр жай жана өндүрүүчүлөр партиясынан Бекмырат Аталыев, Агрардык партиядан Дурдыгылыч Оразов жана жарандардын демилгечи тобунан алты талапкер катышып жатат. Өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан