Бишкекте "Түрмөдөгүлөрдүн санын кыскартуу. Абакта отуруп чыккандарды жумуш менен камсыздоо жана алардын коомго аралашуусун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жеке ишкерлердин катышуусунда тегерек стол өттү. Бул тууралуу 12-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери бул системдеги өндүрүш жөнүндө айтып, ишкердик түзүмүндө биргеликте иштешүүнүн жолдорун белгилеп өтүштү. Мындан сырткары камалгандарды абактын ичинде ишке тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тегерек столдун катышуучулары жумушка орноштуруу жаатында кызматташууга даяр экенин айтышты. Февраль айынын соңунда абактагылар жана жакында чыга тургандар үчүн бош орундар жарманкесин өткөрүү пландалууда.