Кыргызгидромет агенттиги жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 12-февралдан 15-февралга чейин өлкөнүн тоолуу аймактарындагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу сакталарын билдирди.
Мындан улам Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Көк-Бел ашуусу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-90-чакырымдары, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-9-чакырымдары, Казарман-Ак-Тал-Чат автоунаа жолунун Кара-Көө ашуусу, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун
1-10-чакырымдары, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу жана Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл экенин эскертти.