Түркмөнстанда президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 94,17 пайызы катышты. Бул тууралуу чет элдик ММКлар аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен жарыялашууда. Өлкөнүн учурдагы президенти, талапкерлердин бири Гурбангулы Бердымухамедов шайлоо тилкесине биринчилерден болуп келип добуш берген. Серепчилердин пикиринде, жеңүүчү болууга Бердымухамедовдо мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Белгилей кетсек, 12-февралда өткөн президенттик шайлоодо жалпы 9 талапкер ат салышты. Өлкө аймагында 2,5 миңден ашык, Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 39 добуш берүү тилкеси ачылган. Шайлоо процессине эл аралык байкоочулар да көз салышууда.