Кыргыз Республикасына Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн алынып келинген автоунааларды каттоодо кошумча эреже киргизилди. Бул тууралуу 12-февралда өкмөттөн кабарлашты.
Жаңы эрежеге ылайык, эми ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерден алынып келинген автоунаалар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары (диагностикалык борборлор) тарабынан берилген документтин негизинде гана каттоодон өткөрүлүп, номур берилет. Бүгүнкү күндө Кыргыз жеринде мындай лабораториялар жок, андыктан 2017-жылдын 13-февралынан тарта, мисалы, Европадан, Япониядан алынып келинген унаалар убактылуу каттоодон өткөрүлүп, убактылуу мамлекеттик номурлар берилип баштайт. Унаанын коопсуздугун күбөлөндүрө турган лаборатория 1 айдын ичинде Бишкек шаарында ачылары айтылды.
Белгилей кетсек, унааларды каттоодогу бул эреже ЕАЭБдин талабына ылайык киргизилди.
Мамлекеттик бажы кызматынын билдиришинче, Кыргыз мамлекетине 2014-жылы 106 770 автоунаа, 2015-жылы 2282 автоунаа киргизилсе, 2016-жылы 200 гана унаа алынып келинген. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге 2015-жылы толук кандуу мүчө болгон.