Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосуна байланыштуу АКШ, Япония жана Түштүк Корея Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууну талап кылууда. "Рейтер" агенттигинин билдиришинче, БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн, 13-февралда жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.
Түндүк Корея ракетасын 12-февралда сыноодон өткөрдү. Маалыматтарга таянсак, Pukguksong-2 ракетасы Пхёнан-Пукто провинциясынан учурулуп, 500 чакырымдай учкан аппарат Япон деңизине кулаган. Ракета сыноосуна Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын катышкан. 2016-жылы Түндүк Корея 20дан ашык баллистикалык ракета учуруп, эки өзөктүк сыноо өткөргөн. Бул БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу деп бааланып, БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкция киргизгени белгилүү.