Социалдык камсыздоо департаменти: "4 небересин жалгыз багып жаткан Мария Атабаевага азык-түлүктөн жардам бере албайбыз"

Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында 4 небересин жалгыз багып жаткан пенсия жашындагы Мария Атабаевага Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаменти жардам бере албайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда мекеменин жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызы билдирди.

Эске салсак, буга чейин Атабаева жашоо шарты татаал экендигин, балдардын апасы таштап кеткендигин SUPER.KG порталына билдирген.

"Биздин департамент мыйзам негизинде иш алып барабыз. Эгерде 4 баланын апасынын паспортунун мөөнөтү бүтүп калса жардам бере албайбыз. Бирок ага карабай Сокулук райондук социалдык коргоо бөлүмүнө тиешелүү жардам берүүнү сунуштай алабыз. Мындан сырткары кырсыктан жабыркагандар боюнча иштеп жаткан комиссияга бул үй-бүлөнү сунуштайбыз", - дейт Жаныгүл Мелисбек кызы.

Маалыматка ылайык, короо сарайы талкаланган Атабаеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдон ашык акчалай жардам берилиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
azamat85
2017-02-13 11:18:03
20000 сом акча эмнеге жетет? Уялбайт экенбизда. Эми жанагы чогулган акча кандай болунот аны бир кудай билет.
+6
madina.87
2017-02-13 11:59:03
Ошончо элден тушкон жардамды эмне кылып жатасынар???
Короо жайы талкаланса 20мин алабы?
Кайра калыбына келтирип бергиле элдин акчасынан!
Ээй Мелисбек кызы кайсы мыйзамды айтып жатасын адамдын ичин откоруп?!

+6
Muhtaruulu
2017-02-13 13:03:12
Супер Инфо, ушул адамдын телефон номерин бергилечи. Биз Ислам Нуру медиа порталы ушул апага ЖАРДАМ беребиз деген элек. Ин шаа Аллах, жакында Москвадан Кыргызстанга барам. Срочно берип койсоңуз өтүнүч...
+6
admin_portal
2017-02-13 17:34:59
Muhtaruulu, саламатсызбы? 0771 775 187 номери аркылуу байланышсаңыз болот.
+1
gulmira12345
2017-02-13 13:38:59
эээ элден айлансын дагыле баягы карапайым калк жардамга кылат
+6
Kroxa
2017-02-13 19:53:13
Уйу музоосу менен олуптур уялсанар боло бир уй эле 45 же 50мин музоосу менен балким дагы туумакдыр,,уюунун сутун сатып жан бакчу экен,,бии уй келбеген 20мин эмнеге жетет 84 миллондун бир биллонун майып баласы учун берип койсонор чоон сооп болмок аны качан болуп элге бересинер????
+4
Alibek-0001
2017-02-13 20:06:33
84 миллионду болуштуро албай убара болуп жатат да чондоор. Кандай кылсак эл билбей калат деп! Алдым жуттум ХХХ эртенки кунунорду ойлогула,жеген акчанар тешип чыгат силерди болбосо урук-тукумунардан бироону!
+4
admin_portal
2017-02-14 09:41:54
Alibek-0001, этика нормаларын сактаңыз!
0
Alibek-0001
2017-02-13 20:08:40
Жаныл мелисбек кызы коп ХХХ. ХХХ. Дагы мыйзам деп коет. Жакшы иш кылаарда баары мыйзам чегинде, жаман иш, уруулук,коррупуция кылганда мыйзам жок а!
+3
admin_portal
2017-02-14 09:42:19
Alibek-0001, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан