Бишкекте 30 даана димедрол ичип, эс-учун жоготкон кыз ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына жабыркаган кыздын апасы Динара Пазылова билдирди.
"Бишкекте 9-кичи райондогу чакан базарда дарыкананын сатуучусу дарыгердин атайын көрсөтмөсү жок 12 таңгак димедрол дарысын сатыптыр. Анын 30 даанасын 21 жаштагы кызым ичип, эс-учун жоготуп ооруканага түшүп калды. Ал жерден 12 саат дарыланып үйгө чыгарып келгем. Абалы жакшы болгону менен, акылга сыйбаган сөздөрдү сүйлөп жатат. Дарыканага барсам сатуучу кыз "мен билбей сатып коюпмун" деп койду", - деп билдирди Пазылова.
Маалыматка ылайык, учурда Динара Пазылова дары сатуучунун дипломун жана дарыкананын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылууда.
"Кызым өз өмүрүн кыюуну максат кылбаганын айтууда. Ишинде көйгөйлөр бар эле. Эки күн бою катуу ойлонгондуктан уктай албай кыйналыптыр. Стресстен чыгуу үчүн уктайын деген экен", - деп кошумчалады Пазылова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары менен камсыздоо департаментине байланышканыбызда мекеменин жетекчилиги: "Бул боюнча бизге азырынча арыз түшө элек. Эгер жабырлануучулар тарабынан арыз жазылса, тиешелүү чаралар көрүлөт. Негизи дарыгердин көрсөтмөсү жок мынчалык көлөмдө димедрол сатылбаш керек болчу", - деп билдирди.