28-апрель күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда 2-класстын окуучусу электр энергиясын бөлүштүрүүчү көмөк чордонго (трансформатор) токко тартылып, учурда ооруканада жатат. Жабырлануучунун туугандарынын айтымында, көмөк чордондун айланасы тосулган эмес. Токко тартылган 8 жаштагы кыз 2 күндөн бери өзүнө келе элек жана белинен өйдө тарабы күйүккө кабылган. Ал эми кыздын туугандары көмөк чордонду кароосуз калтырган тиешелүү адамдардын үстүнөн арыз жазуу аракетин көрүшүүдө.