Бишкек шаардык мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси М.М. пара алып жаткан учурда колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, кармалган адам шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш алып барган жеке менчик ишканалардан акча талап кылган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 312-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, М.М. СИЗОго киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Айта кетсек, кармалган адам күнөөлүү деп табылса 5-10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.