Сарпашев: "Камактан чыгарылган жер тилкесине кимдер кызыкдар экенин билем, жакында алардын көлөкөсү чыгат"

Камактан чыгарылган жер тилкеси боюнча жакында айрым адамдардын көлөкөсү чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Негизинен жердин камактан чыгарылышына кимдер кызыкдар болгонун билем. Бирок азырынча айта албайм. Аны мекемелер аралык комиссия жакында аныктап, ачыкка чыгарат деген үмүттөмүн. Бир жума аралыгында айрым адамдардын көлөкөсү көрүнүп калат", - дейт Сарпашев.

Башкы прокуратура Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине жол ачкан Бишкектин Мамлекеттик каттоо мекемесинин чечимдерине байланыштуу 9-февралда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "далилдерди жокко чыгаруу", "мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланкаларды, документтерди жасоо, колдонуу, сактоо" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elchi84
2017-02-13 12:41:23
Эми камабайт эмнеге дегенде айтып коем деп коркутуп жатат баардыгы ошентип жатат тамырлашып кеткен.
+1
Mr.enriiko
2017-02-13 14:28:56
Баарынар бирсинерда корупционерлер элди тоноп,алдап буттунор. Элдин каргышы тиетго силерге.
+2
BarsBaatyr
2017-02-13 21:50:20
Билем дегенден кийин айтыш керек жаман катындарга окшоп ушак чыгарбай.
+1
Kroxa
2017-02-14 10:10:24
Ушулар тойгузду да Дачи суга жардамды унутуп калышты бул чондор элди ойлоп койсонор боло???эл чогулткан акчаны оз даректерине жеткиришсе болду,аны муну деп элди алаксытпай...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан