Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда бүгүн, 13-февралда депутаттар Улуттук илимдер академиясынан өкүлдөр жыйынга келбегенине нааразылыгын билдиришти.
Отурумда “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламенти” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор экинчи окууда каралды.
Анда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин сунушталган мыйзамдын долбоору учурдагы мыйзамдарга каршы келбей турганын айтты. Ошондой суунун курамына урандын химиялык кошулмасы 1 литрге 0, 03 миллиграмм кошула турганын билдирди.
“Ичүүчү сууну өндүрүү, ташып келүү, сактоо боюнча эл аралык талаптар менен шайкештелген. Ичүүчү суунун чегиндеги укуктук ченемдик актыларды өркүндөтүүгө жана суу колдонууда керектөөчүлөрдү туура эмес түшүнүктөргө алып келүү боюнча кыймыл-аракеттердин алдын алууга багытталган”, - деди Олег Горин.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү жыйынга келбегенине нааразы болду.
“Биз илимдер академиясынан бул мыйзам долбоору боюнча экологиялык экспертиза жүргүзүүнү тапшырдык эле. Алар отурумга келбей коюшту”, - деди ал.
Мирлан Бакировдун сөзүн “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров колдоду.
"Академиянын өкүлдөрү эмне үчүн жыйынга келбейт? Алар башында бул боюнча карайбыз деген, эми болсо бизге тиешеси жок деп жооп берип жатат. Анда бизге илимдер академиясынын эмне кереги бар?" - деди депутат.