Корейге айланган баланы жабырлануучу эмес, кылмыштуу топтун мүчөсү катары кароо керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди.
"Ал жаран мыйзамсыз экенин билип туруп, өзү ушундай кадамга барган. Анткени Корея элчилигин алдап жатат. Аны жабырлануучу эмес, кылмыштуу топтун мүчөсү катары карап жоопко тартыш керек. Ал маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин күнөөсү жок", - дейт Сарпашев.
Айта кетсек, Марат Акылбеков аттуу жаран "Бишкек Альянс" компаниясына Кореяга виза ачтыруу үчүн 6000 АКШ долларын берген. Ал керектүү документтин баары тез аранын ичинде даяр болуп, Марат Ким Анатолий деген корей ысымына ээ болууга да жетишкен. Чогулган жасалма документтерди алып Кореянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине виза ачтырууга барган Акылбековго элчилик виза ачып берген эмес.
Марат Акылбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлерин "ушул сыяктуу компаниялар менен тыгыз иштешет" деп айыптаган.