Электр энергиясына көп төлөм чыгып жаткандыгына "Түндүк электр" мекемесинин күнөөсү жок экенин бүгүн, 13-февралда Бишкектеги электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Максат Сагындыков билдирди. Анын айтымында, акылдуу эсептегичтерди орнотуу электр энергиясын жоготуунун алдын алат. Өткөн жылдары электр энергиясын жоготуу 20 пайыздан ашуун болсо, 2016-жылы 12 пайыз болгон.
"Учурда абоненттерден кагаз түрүндө 171 арыз түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында баары так экени аныкталды. Жарымы төлөндү. Андыктан бул жерде эч кимдин күнөөсү жок. Жума күнү 9 абоненттен арыз түшкөн. Бүгүн жумуш убактысы бүткөнгө чейин баары текшерилип, жыйынтыгы чыгат", - дейт М. Сагындыков.
Ал эми "Түндүк электр" ишканасына арыз жазып жаткан абоненттер өткөн айга салыштырмалуу 2 миң сомдон ашуун айырма болгонун айтып жатышат.