Казакстандын Костанай шаарында таксист жүргүнчүнү зелёнка менен бетин жуудурган видео жарыяланды. Телефондун камерасына тартып жаткан адамдын айтымында, ал таксистти алдап жол акысын бербей койгон.
Видеодо таксист жүргүнчүнүн колуна жашыл суюктукту куюп бетин жуушун талап кылган. Ошол эле учурда кардарына башкаларга таксисттерди алдабоого чакырган сөздөрдү айттырган.
Маалыматка ылайык, таксист катары Костанай шаарынын 1982-жылы туулган жергиликтүү тургуну кармалган. Ага бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.