Аңчылыкка уруксат берчү лицензиядан жылына 50 миллион сомго жакын каражат түшөт

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештеги жыйында Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов "аңчылыкка уруксат берүүчү лицензиядан жылына 50 миллион сомго жакын каражат түшөт", - деп билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев аталган агенттиктин директоруна аңчылыкка уруксат берүүчү лицензиядан түшкөн каражат кайда жумшалып жатканын сурады.

Абдыкалык Рустамовдун айтымында, каражаттын 25 пайызы жаныбар кайсы айылдан атылса, ошол айылдын бюджети бөлүнөт.

“Ал эми 35 пайызы агенттиктин телефон, кеңсе чыгымына жумшалат. 40 пайызы болсо аңчылык чарбаларга түшөт”, - деди ал.

Учурда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан