"Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн айрым сырларын ачыкка чыгаруу жолундамын" дейт Өмүрбек Текебаев

"Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн айрым сырларын ачыкка чыгаруу жолундамын", - деди бүгүн, 13-февралда журналисттерге Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

"Менин Кипрдеги досторум Атамбаевдин бизнес кызыкчылыктарын таап берүүнү убадалашты. Бардыгына белгилүү болгондой, мен Атамбаевдин жеке ишкердигин иликтеп жатам. Азыркыга чейин кээ бир маалыматтарды таптым. Кипр - бул жөнөкөй арал эмес, бул офшордук аймак. Белиз алыс, Кипр болсо жакын. Кипрге мен жеттим. Менин оюмча, Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн сырларын ачыкка чыгаруу жолундамын", - деп баса белгиледи Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан