Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедов жеңишке жетти, ага шайлоочулардын дээрлик 98 пайызы добуш беришкен. Расмий маалыматтар боюнча, шайлоочулардын катышуусу да жогорку деңгээлде болгон. Маалыматты 13-февралда Түркмөнстандын БШКсы таратты.
Айта кетсек, президенттикке 9 талапкер ат салышкан. Бердымухамедов 97,69 пайыз добуш алган. Муну менен ал президенттикке үчүнчү мөөнөткө шайланып жатат. Өткөн жылы сентябрь айында президенттин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүүлөр кирип, өлкө башчынын жаш курагы 70 жашка чейин болушу керек деген чектөө алынган. Ошондой эле башкаруу мөөнөтү мурун 5 жыл болсо, кийин 7 жылга узартылган. Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылдын декабрь айында бийликке келген.