Жалал-Абад облусунун тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 22-январында Бишкек шаарында батирлердин биринде болгон. Анда 44 жаштагы Т.Энин белгисиз бирөө тарабынан сабалып, өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде 7-февраль күнү шектүүнүн өздүгү такталып, 8-февраль күнү 45 жаштагы Н.С. Жалал-Абад шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Ал кылган ишин толук мойнуна алган.