Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу 13-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн Түркмөнстан эли сизге жана мамлекеттин жаратмандык саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жетүү боюнча сиз белгилеген багытка болгон өзгөчө ишенимин кайрадан бекемдеди. Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык биздин элдердин кызыкчылыктарын улай андан ары да жандуу өнүгө берет деген ишенимди билдирем", - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовго бекем ден соолук, бакты-таалай, бакубаттык, жооптуу мамлекеттик ишине чоӊ ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.