Америкалык джаз ырчысы, "Грэмми" сыйлыгынын 7 жолку ээси Эл Жерро 12-февралда 77 жашында Лос-Анжелестеги ооруканада каза болду. Бул тууралуу анын "Твиттер" түйүнүндөгү расмий баракчасында жарыяланган.
Анын өлүмүнүн себеби расмий түрдө айтыла элек. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары ырчы көп жылдан бери жүрөк оорусу менен ооруп, дем алуусу кыйындаганын жазышкан.
Жерро 1970-жылдардын ортосунан тарта белгилүү боло баштаган. Ал ырларды импровизация жана имитация менен ырдап өзгөчөлөнгөн. Ырчы "Грэмми" сыйлыгын 3 номинацияда (джаз, поп жана ритм-н-блюз) алган жалгыз ырчы. 2001-жылы Голливудда "Жылдыздар аллеясында" анын ысымы түшүрүлүп, өзүнүн жылдызына ээ болгон.