Бишкекте пенсионерлерди алдап 1 миллионго жакын акчасын алган топ кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 83 жаштагы М.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 26-январь күнү Бишкек шаарындагы 4-кичирайондогу үйдүн жанынан өздөрүн Орусиянын президенти В.Путин атындагы комиссиянын мүчөлөрү катары тааныштырып, пенсия курагындагы карылардын ишенимине кирип 939 миң 39 сомун алып кетишкен. Алар жабырлануучуларды пенсия курагындагы жарандарга материалдык жардам беребиз деп ишендиришкен.

Бул кылмыш ишин Октябрь РИИБи каттоого алып КРнын Кылмыш жана Жаза кодексининин 166-беренесине ылайык, "алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган кылмышка тиешеси бар деп 1981-жылы туулган А.Т., 1975-жылы туулган Н.К. уулу, 1991-жылы туулган Ш.М., 1980-жылы туулган В.М. жана Өзбекстандын жарандары: В.Л., 1990-жылы туулган Т.Т ., 1959-жылы туулган А.М., 1982-жылы туулган Н.М., кармалышкан. Кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, үйлөрүнө тинтүү иштери жүрүүдө.

Бул топтун Бишкек шаарынын аймагында башка кылмыштарга да тиешеси бар болушу мүмкүн. Ошол себептен башка дагы 5 кылмыш фактысы боюнча көрсөтмө беришүүдө.

Сүрөттөгү шектүүлөрдөн жабыр тарткан жарандарды милиция кызматкерлери Октябрь РИИБине 0772 180 809, 0553 888 885 телефондору аркылуу кайрылуусун суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aibars
2017-02-13 17:24:43
Адал эмгек кылышса болбойбу, алты саны аман турганда. Алсыз карылардын акысын уурдап жегенден откон уят иш болбосо керек. Шермендечилик.
+1
MICROP
2017-02-13 17:53:08
Бут эле келбети сууктарго. Арам тамак ушу жерге чейин эле экенда)))
0
ashuular_plus
2017-02-13 22:10:09
Мындай сумманы канча жыл чогултту экен?
0
aidaraidai11
2017-02-13 22:11:47
Ушинтип бетин корсотуп туруш керек! Бетин жаап салбай.. эл корсун, таанысын
+1
Nazira91_5
2017-02-13 22:45:03
Соз жок
-1
zvezda55
2017-02-14 07:59:28
Кудайдан жоо качкан каапырлар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан