6-февралдан 12-февралга чейин Ички иштер министрлигинин ыкчам иликтөө борборунун маалыматы боюнча 2 миңден ашуун кылмыш жана кырсык катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн 13-февралда кабарлады.
"Борбордун берген маалыматы боюнча жалпысынан өлкө боюнча 2031 кылмыш жана кырсык катталган. Кылмышкерди издөө багытында катталган 581 кылмыштын 366сы ачылды. Анын ичинен изи сууй электе 100ү ачылган. Мындан сырткары буга чейинки кылмыштардын 153ү ачылды. Өткөн жумада 1 адам өлтүрүү , 15 тоноо, адамдын денесине залал келтирүү боюнча 2, 8 зордуктоо, 258 алдамчылык, 79 уурулук, 3 мал уурдоо боюнча кылмыш иштери ачылган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү багытында милиция кызматкерлери тарабынан 80 килограмм 100 грамм баңгизаты алынган.