Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 13-февралда Мексиканын Сонора штаты жаңы төрөлгөн балдарга ысым коюуда 61 атка тыюу салган мыйзам кабыл алган. Аталган ысымдардын тизмесине Гитлер, Рембо, Бургер-Кинг, Терминатор, Жеймс Бонд, Бэтмен, Twitter, Facebook жана башкалар кирген. Мыйзам жаш балдардын кийинки жашоосунда ысымынын айынан коомчулукта шылдың болуп калуудан алдын алуу болуп саналган.
13-февралга карата жылнаама