КҮНСЕРЕП: Сарпашевди садага чапканы жатышат

Бүгүн, 13-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев өз арызы менен убактылуу кызматтан кетти. Арызга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бүгүн Башкы прокуратуранын Сарпашевди кызматтан бошотуу боюнча сунушун кароо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөнү маалым болгон эле. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы бул маалымат жарыяланган соң “комиссиянын ишине тоскоолдук жаратат деген шек жаралбасы үчүн убактылуу кызматтан бошотуу” өтүнүчү менен премьер-министрге кайрылганы белгилүү болду.

Максим Бакиевдин мүлкү деп арест коюлуп, бирок негедир улутташтырылбай калган Бишкектеги 1 гектар 28 сотых жердин чуусу ошентип биринчи кезекте Тайырбек Сарпашевди жумуштан ала турган өңдөнүп калды. Буга чейинки окуяларды эске салсак, анда 1 айга деп убактылуу кызматтан кеткен Сарпашев мамлекеттик каттоо кызматына кайтпай калышы толук мүмкүн. Президент Алмазбек Атамбаевге дал ушундай эле мүнөздөгү арызын президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев 2015-жылы 16-июлда жазып, 4 күндөн кийин биротоло кызматтан бошотулуп, бир жумадан кийин УКМК ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Тайырбек Сарпашев бул иштерди "саясий оюн" деп атады. Мамлекеттик каттоо кызматы жер тилкесин Бишкектеги райондор аралык соттун чечимине таянуу менен каттаган. Сарпашевдин айтымында, райондор аралык соттун чечимин токтотуу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими Мамлекеттик каттоо кызматына өз учурунда эмес, 56 күндөн кийин берилген. Чечимди эмне максатта мынча убакыт кармап отурушканы түшүнүксүз. Ал жакынкы күндөрү бул иш кимдердин кызыкчылыгында болуп жатканын ачыктай турганын, мунун артында президенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясатчылар турарын айтып, аягына чейин күрөшөрүн билдирүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоо жакындаган сайын жарышка түшөм деген саясатчылардын тынчын алып баштады. Саясий күчтөрдүн ар бири бул кызматка өз адамын алып келүүгө аракет кылат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине бийлик эч качан бөтөн кадрларды жолотпогондой эле бул кызматка да башкаларды жолотпосу анык. Андыктан Сарпашев кызматтан биротоло алынчу болсо ордуна президенттик аппараттан Нуржан Шайлдабекова өңдүү бирөө барат деп күтүүгө болот...

Бүгүн Бишкекте саясатчы, коомдук ишмер, депутат, эксперттердин жоон тобу “Фальсификациясыз шайлоо” аталышындагы форумга чогулуп, алдыда өтүүчү президенттик шайлоо боюнча резолюция кабыл алышты. Форумда бийликтин командасынан өкүлдөр байкалбады. Ошондой эле президенттик жарышка расмий түрдө аттанган Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев өңдүү саясатчылар катышкан жок. Форумдун катышуучулары президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды колдонуудан баш тартуу керек деген пикирге келишти. Уюштуруучулар мындай маанилүү шайлоолор үчүн алдын ала программалоого мүмкүн болгон системди колдонуу туура эмес, демократиялык өлкөлөрдүн биринде да мындай систем колдонулбайт деген пикирлерин айтышып, мындай ыкмадан баш тартуу талабын резолюцияга киргизишти. Бул форум көптөн бери саясат айдыңында талкууланып келе жаткан дагы бир маселени козгоду. Шайлоо учурунда талапкерлердин, жеңүүчү болгон адамдын кызмат мөөнөтү учурунда партиядагы мүчөлүгүн токтотуп койгону жетишсиз. Өлкө башчысы, дегеле президенттик жарышка талапкер катары чыгам деген саясатчылардын баары биротоло партиянын катарынан чыгуу милдеттемесин алышсын деген сунуш болду. Жаңы шайланган президент эч бир партиянын мүчөсү болбошу керек, атүгүл кызматтан кеткен учурда дагы. Резолюция кабыл алынды, эми ал алдыдагы президенттик шайлоого таасир эте алабы, бул жагы чоң суроо...

КСДП алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары Кубанычбек Кулматовду алып чыгат деген кабар чыгып, заматта интернет айдыңына тарап кетти. Партиянын катчылыгы маалыматты “калп” деп төгүндөөгө да жетишти. Учурда Кыргыз – орусиялык өнүктүрүү фондун жетектеп жүргөн Кубанычбек Кулматовдун Орусия тараптан күчтүү колдоосу бардыгы буга чейин да көп айтылып, жазылып келе жатат. Бийликтин командасынан талапкер катары чыгып, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев өңдүүлөргө каршы туруу үчүн ал адамга маанилүү нерсе жетишпейт – кыргыз жеринде Кулматовго карата калың элдин колдоосу жок. Бийликтегилер муну жакшы түшүнөт...

Кыргыз мамлекетинде балдардын корголбогондугун, мектепте билим берүү системи кароосуз калгандыгын ачыктаган окуялар өлкөнүн улам бир аймагында орун алууда. Бул ирет Чүй облусунун Москва районунда өспүрүм окуучу кыздын өмүрүнө коркунуч келтирген окуя катталды. Мектепте 12 жашар кызды классташтары кайсы бир оюнга шылтап сабап салышкан. Жыйынтыгында кыздын башында гематома пайда болуп, эсин жоготуу, сүйлөбөй калуу коркунучу алдында турат. Окуяга күбө болгон өспүрүм кыздардын “оюндун талабы ушундай, ооруса чыдаш керек, эч кимге арызданбаш керек” дешкени кооптондурат. Мындай зомбулук сабак маалында болгону мектептерде билим берүү тармагы кандай абалда экенин ачык көрсөтөт. Бул өңдүү окуялар өлкөдөгү башка мектептерде да болуп, теңтуштарынын катарынан чыгып калуу коркунучунда зомбулук көргөнүн билдирбей жүргөн балдар көп болушу мүмкүн. Бул окуя Билим берүү министрлиги менен Ички иштер министрлигинин эле баш оорусу эмес, Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнө да коңгуроо. Трибунадан ары өтпөй турган, элди эки бөлүп уруштура турган популисттик демилгелерден көрө балдардын укугун коргоочу мыйзамдарды иштеп чыгуу керек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан