Бүгүн, 13-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин бири Мирлан Бакировдун айтымында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын (коруктар жана башкалар) өзөктүк зонасын аныктоодо маселе бар. “Мыйзамдагы айрым нормаларын сактайбыз деп жергиликтүү тургундар менен пикир келишпестиктер чыгып жүрөт. Мисалы, “Дашман” коругу. Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр кабыл алынса өзгөчө корголуучу аймактын буфердик зонасы жана корголуучу зонасы кеңейип, ал жердеги жергиликтүү калк туристтик багыт сыяктуу айрым ишмердүүлүктөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өзгөчө корголуучу аймактарды музей катары сактай бербей, туристтер кирип көргөндөй шарт түзүшүбүз керек. Бирок ал жерге от жагылбашы керек, аңчылык кылынбашы керек", - дейт депутат.
Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.
Маалыматка таянсак, Кыргыз мамлекетинде азыркы учурда 9 мамлекеттик корук бар.